Кара-Көл шаардык кеңеши

Кара-Көл шаары 1962-жылы Таш-Көмүр шаарына баш ийген Кара –Көл шаарчасы болуп түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн поселкалык Советтин төрагасы болуп Бекташ аксакал шайланган. Андан соң Камчыбек Масиров поссоветти башкарган.
1977-жылы январда Кара-Көл шаары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Ош областынын эл депутаттарынын Ош областтык советинин эл депутаттарынын Кара-Көл шаардык Совети жана анын аткаруу комитети иштей баштаган. Кара-Көл шаардык советинин жана аткаруу комитетинин председатели болуп Абдысаматова Роба Насыровна иштей баштаган. Андан соң Паньков Александр Иванович, Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович, Масиров Кошпай Масирович иштеген. Союз учурунда шаардык советтин депутаттарынын сессияларына аткаруу комитетинин председатели төрагалык кылган.
Союз таркагандан кийин мамлекеттик башкаруу системасында да өзгөрүүлөр болгон.
1992-жылы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңеши жана Кара-Көл шаардык мамлекеттик администрациясы түзүлгөн.
30.09.1992-ж. 31.10.1994-ж. Шаардык кеңешке 63 депутат шайланган. Шаардык кеңештин төрагасы болуп Акматкул Кочкорович Исабеков иштеген.

1994-1999 жылдары 2-чакырылыштагы шардык кеңештин депутаттары өз ишин жүргүзгөн. Шаардык кеңешке 19 округдан 19 депутат шайланган. 1994-1996-жылдары шардык кеңештин төрагасы болуп Заирбек Сарсеитов шайланган.

1996-жылдын август айынан Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы болуп Сабыржан Уездбаевич Токтогулов шайланган.
Октябрь 1999-2004-жылдары 3-чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарын жүзөөгө ашырган. Мыйзамда өзгөрүүлөр болуп шаардык кеңешке 25 депутат шайланган. Шаардык кеңештин төрагасы болуп кайрадан Сабыржан Уездбавич Токтогулов шайланган.
Октябрь 2004-2008-жылдары 4-чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары өз ыйгарым укуктарын жүзөөгө ашырган. Шаардык кеңешке 25 депутат шайланган. Шаардык кеңештин төрагасы болуп кайрадан Сабыржан Уездбавич Токтогулов шайланган.

2008-жылдын апрель айынан шаардык кеңешти Мамбеткул Суеркулович Капалбаев жетектеп келет.
Октябрь 2008-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин шаардык кеңештин 25 депутаты өз ыйгарым укуктарын жүзөөгө ашырышууда. Шаардык кеңештин төрагасы болуп кайрадан Мамбеткул Суеркулович Капалбаев шайланды.

Өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы мыйзамына ылайык шаардык кеңештин 6 чакырылышына шайланган депутаттардын саны өзгөргөн.
Шаардык кеңештин депутаттары өз ыйгарым укугуна ылайык маселелерди ийгиликтүү аткаруу максатында туруктуу жана убактылуу комиссияларга жана депутаттык группаларга (фракцияларга) бөлүнүшөт. Азыркы учурда шаардык кеңеште 4 туруктуу комиссия иштейт.



Курс валют

Погода в Кыргызстане
Copyright © 2019- Кара-Көл шаардык кеңеши